Биз менен байланышыңыз

Лавров: Орусия Украинага кол салбайт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 386 | 0

Орусия Украинага кол салууну көздөбөйт. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди.

Ал АКШнын мамлекеттик катчысы Энтони Блинкен менен сүйлөшүү учурунда «Сиз Украинага кол саласыз деп айтып жатасыз, бирок бул андай эмес экенин буга чейин бир нече жолу айтканбыз», — деген.

Маектешүүдө Сергей Лавров НАТОнун түпкү максаты Орусияга каршы экенин билдирген.

«Бул блок СССРге каршы түзүлгөн, азыр ал Орусияга каршы иштеп жатат. Ошондуктан Москва блоктун чыгышка карай кеңейишине каршы», — деди Лавров.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM