Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатына катышып жатат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик департаменти билдирди.
Чемпионат Өзбекстандын борбору Ташкен шаарында 20-январда башталган. Анда 22 жашка чейинки мушкерлер күч сынашууда.
Беттештер 30-январда жыйынтыкталат.
Кыргызстандан төмөнкү мушкерлер жөнөп кеткен:
- Анвар Ходжиев (48 кг)
- Санжар Сейдакматов (54 кг)
- Нурадин Рустамбек уулу (71 кг)
- Өмүрбек Бекжигит уулу (80 кг)
- Бакыт Токтосун уулу (86 кг)
- Рустам Ырысбек уулу (92 кг)