Биз менен байланышыңыз

«Өнүккөн өлкөлөрдө депутат болуу үчүн диплом керек эмес»

Кыска кабар , Пикирлер | 21 Янв 2022 | 2345 | 2

Өнүккөн өлкөлөрдө депутат болом деген адамдан билимин тастыктаган диплом суралбайт.  Бул тууралуу коомдук ишмер Сейтек Качкынбай «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, депутаттык кызмат мамлекеттик кызматка кирбейт. Ал — саясий кызмат. Мындан улам бул жакта башкысы адамдын жогорку билими эмес, жашоодогу тажрыйбасы, даанышмандыгы, лидерлик позициясы, мамлекетти өнүктүрүү багытын көрсөтө ала турганы каралышы шарт. Бирок бүгүнкү күнү Кыргызстандын Башмыйзамында Жогорку Кеңешке диплому бар адам гана бара алат деген норма бекитилип калды. Мындан ары диплому жок киши депутаттыкка каттала албайт. Буга алтынчы чакырылыштын депутаттарынын «салымы» бар.

«Тарыхка кайрылып көрсөк, 6-чакырылышта депутаттардын арасында эки сөздү бириктирип туура окуй албагандар, же айта албай калгандар коомчулукка шерменде болуп, күлкү болгон учурлар болгон. Анан «Булардын билими бар бекен, жок бекен? Тамга таанышпайбы? Ушундай адамдар депутат боло береби?» деп, коомдо депутат жөнүндөгү пикир нөлгө түшүп калган. Ошондо анан «молоко» деп жазылып турганды, «молоко» деп окуй алган, диплому бар адамдар депутат болсунчу деген пикир пайда болуп, бул норма ошондо кирген. А бирок реалдуу жашоодо, демократиянын принциптеринде Американы алалы, Японияны алалы, Кореяны алалы, ошол өлкөлөрдө «демократиянын биринчи принциби- адамдын укугу» деп аталат. Ал уйчу болобу, койчу болобу, наабайчы болобу, депутат болууга укугу бар», — дейт ал.

2 пикир

2 пикир

  1. Анара Темиралиева

    21.01.2022 21:25

    Ооба, уйчу, койчу, орус, кыргыз, ким болсо да ал КРдин жараны болсо саясий кудуретине, лидерлик касиетине жараша депутат боло берсин. Өзү айтты да менин мындай билимим бар деп депутаттыкка ат салышып баштаганда. Ээрге башынан кыйшык отургандардын өзүндө го дейм күнөө

  2. Муктар

    22.01.2022 08:34

    Сөзүм бар деп эле сүйлөй берет экенсин да,кайсыл акылың менен айтып жатасын? Сен айткан уйчу,койчу жана наабайчы ЖКга мал кайтарганы же нан жапканы барбайт да. Ал жерге мыйзам жазганы,аны көзөмөлдөгөнү,маанилүү маселелерди чечиш үчүн добуш бергени барат. Сен айткан кесипте иштегендердин арасында да сабаттуулар,мамлекеттик деңгээлде ой жүгүртө ала турган,мыйзам жаза ала турган сабаттулар болушу мүмкүн,бирок алар саналуу гана жана алардын сапаттуу мыйзам жазышына күмөн бар. Жогорку билим алыш үчүн беш-алты жыл билим кенин казат,ар түрдүү деңгээлдеги инсандар менен сүйлөшөт,тарыхты тереңдетип окуп,кесибине тиешелүү көптөгөн китептерди окуйт,мыйзамдар менен таанышат,кыскасы билими,көз карашы өсүп,турмуштук тажрыйбасы ашат. Бир сөз менен ацтканда, канчалык билимдүү,канчалык турмуштук,кесиптип тажрыйбасы көп адам депутат болсо,ошончолук сиңимдүү жана сапаттуу мыйзамзамдар жазылары шексиз.»Мектепти бүтүп,он жыл малчы же он жыл навайчы болуп иштеген инсандар сапаттуу мыйзамдарды жаза алат»деп сандырактап сүйлөгөн логикаңарды токтоткулачы…?

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM