Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда билим берүү онлайн режимге өтөт

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Янв 2022 | 415 | 0

24-январдан тарта Өзбекстандын билим берүү мекемелери онлайн режимге өтөт. Бул чечим мамлекеттик эмес окуу жайларга да тиешелүү. Бул тууралуу Өзбекстандын Элге билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, мындай чечимди COVID-19га каршы күрөшүү боюнча республикалык атайын комиссия балдар жана жаштар арасында коронавирустун «омикрон» жаңы штаммынын жайылышынын алдын алуу максатында кабыл алган.

Өзбекстандын Элге билим берүү министрлигинен билдиришкендей, Улуттук телерадио компания кайрадан мектептердин бардык класстары үчүн сабактарды көрсөтөт. Алардын жаздыруулары Online maktab Telegram каналына жүктөлүп, анда онлайн окутуунун графиги да жарыяланат.

Өзбекстандын орто жана жогорку окуу жайларында окуу 11-январда, эки жумалык кышкы каникулдан кийин башталышы керек болчу, бирок каникул эки жумага, 24-январга чейин узартылды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM