Биз менен байланышыңыз

Орозайым Нарматованын мандаты жокко чыгарылды

Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 906 | 1

Борбордук шайлоо комиссиясы Жогорку Кеңештин депутаты Орозайым Нарматованын мандатын жокко чыгарды. Мындай чечим комиссиянын 20-январдагы жыйынында кабыл алынды.

Бүгүнкү отурумда депутат Нарматованын жогорку билими тууралуу дипломду мыйзамсыз алганы жөнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы угулган.

УКМК 14-январда «Нарматова 2013-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин 3-курсуна орто кесиптик билими жөнүндө жасалма дипломдун негизинде мыйзамсыз кабыл алынган» деген маалымат шайлоо учурунда түшкөнүн билдирген.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүргүзүлгөндө, университеттеги Нарматованын өздүк делосунда орто кесиптик билимин тастыктаган документ жок болуп чыккан. Мындан улам «ал окууга мыйзамсыз кабыл алынып, жогорку окуу жайдын дипломун мыйзамсыз алган» деген тыянакка келишкен.

Тергөөнүн жүрүшүндө сессияларды жана тиешелүү экзамендерди тапшыруу учурунда Нарматованын Орусияда болгону аныкталган. Мунун негизинде атайын кызмат Нарматованы күбө катары суракка чакырган.

Сурактын жыйынтыгынан соң, окууга кабыл алуу жана жогорку билими жөнүндө диплом берүү фактыларына юридикалык баа берилери айтылган.

Университеттин тиешелүү кызматкерлерине кылмыш иши козголгон.

1 пикир

1 пикир

  1. БАЯНСУЛУУ

    22.01.2022 15:55

    ӨСӨЙҮН ДЕСЕ БИР КЫРГЫЗ ӨЛҮП ЭЛЕ КАЛАТ МИҢ КЫРГЫЗ

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM