Биз менен байланышыңыз

«Тенгиз Бөлтүрүк отчёту менен 2 нерсени далилдегиси келди»

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2022 | 498 | 0

Тенгиз Бөлтүрүктүн отчёту коомчулукка эки нерсени далилдөө максатында болгондой.  Мындай божомолун Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Биринчиси, бул долбоорду кыргыз жарандары деле иштетип кете алат деген мааниде. Экинчиси, өзүбүз иштете турган болсок, бюджетке көп акча түшүрүп, салым кошобуз дегенди тастыктоо.

«Отчёт толук кандуу болбой калды. Коомчулук экологияга тийгизип жаткан таасири тууралуу да маалымат уккусу келип жатат. Экологиялык маселе бүгүнкү күндө кандай экени, келечекте кандай болору белгисиз болуп турат. «Центерра» бул долбоор иштеп бүткөндө рекультивация жүргүзүү үчүн трасттык фонд ачкан. Ошол фондго түшө турган акча Лондондо сакталып турат. Бүгүнкү күндө ал акчанын суммасы 53 млн долларга жетти. Биз бул проектини өз колубузга алган күндө рекультивация кылуучу фондго түшө турган акчаны дагы өз колубузга алышыбыз керек. Анткени бул проект өзүбүздө калганда каражат жок болсо, иштеп бүткөндө рекультивация маселесин кантип чечебиз?» — дейт ал.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM