Биз менен байланышыңыз

Сурабалдиева: Салык кодексине кол коюуну кийинкиге жылдыруу керек эле

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2022 | 1284 | 0

2022-жылдын 28-январынан тарта күчүнө кире турган жаңы Салык кодексине кол коюуну кийинкиге жылдыруу керек эле. Бул чечим 1-февралдан тарта жергиликтүү чакан бизнес ээлерин шок абалына алып келет. Бул тууралуу экс-депутат Эльвира Сурабалдиева «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

Анын айтымында, 11-январда өкмөт башчы көзөмөл-кассалык машиналарды колдонуу боюнча жумушчу топ түзүү чечимине келген. Бул жерде жумушчу топ иштеп чыккан сунуштарды берип, аны кайра карап чыгуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизип, ошондон соң гана президентке кол коюуга жөнөтүшү керек эле.

«Бул маселеде бийлик айлакерлик кылды. Эми ККМди кимдер колдонууга тийиш болгон ишкердиктин түрлөрү өкмөттүн токтому менен өзүнчө белгиленет. Бирок ошол эле учурда 28-январга чейин өкмөттүн чечимин күтпөстөн, ишкерлер салык кызматына келип, салык режиминин вариантын (патент же жалпы салык) тандоого милдеттүү. Эгерде 1-февралга чейин алардын убактысы жок болсо, анда салык кызматы автоматтык түрдө бардыгын жалпы салыкка которот. Бул жерде ишкерлер күркө иштетеби же андан да чакан ишкерлик кылабы, баары бир. 1-февралдан тарта жергиликтүү чакан бизнес ээлеринин шок абалын элестетип жатам, анткени бизде калкка маалымат жеткирүү жаатында ар дайым көйгөйлөр болуп келген», — дейт экс-депутат.

Президент Садыр Жапаров 18-январда жаңы Салык кодексине кол койгон.

Салык кодексинин максаты салык системасынын туруктуулугун камсыздоо, салыктарды оптималдаштыруу, салыктык жол-жоболорду санариптештирүү, ишкердик иштерди жүргүзүүдө бирдей шарттарды түзүү жана көмүскө экономиканы кыскартуу болуп саналары айтылат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM