Биз менен байланышыңыз

Экс-депутат: «Кумтөр» алтынды каякка сатып жатканын ачык айтышы керек

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2022 | 367 | 0

«Кумтөрдүн» азыркы ишинде ачык-айкындык болбой жатат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин экс-депутаты Эркингүл Иманкожоева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Жетекчилик канча алтын өндүрүлгөнү тууралуу маалымат бергени менен ал алтын кимге сатылып жатканын ачык айтпай жатат.

«Мурда алтынды швейцариялык банк алары белгилүү болчу, азыр кайсы жакка сатылып жатканы бүдөмүк. Эгер бийлик эл менен ачык болом десе, алтын кайсы жакка сатылып жатканын сайтта ачык көрсөтүшү керек.  Ачык-айкындык болбосо, эл менен бийликтин ортосунда карама-каршылык чыгып калышы мүмкүн», — дейт ал.

Ал ошондой эле азыр өндүрүлгөн алтындан да кендин абалына көңүл буруу маанилүү экенин белгиледи.

«Мени коркутуп жаткан нерсе — рудниктин абалы. Азыркы келишимдер боюнча жакында маалымат чыкты. «Центерранын» шарты боюнча кендеги бардык коркунучтуу нерселердин баарын Кыргызстан мойнуна ала турган болуп атат. Азыр калдык сактоочу жай горизонталдуу түрдө жылып жатат. Эки мөңгү дагы жылып жатат, аны улам-улам кесип алып салып жатат. Петров көлүндө жырып кетүү коркунучу бар экенин окумуштуулар далилдеп беришкен. Ошондой коркунучтардын бардыгы турат. Ошон үчүн биз Кыргыз мамлекети «Центерра голдду» 1993-жылкы келишимдин негизинде рекультивация кылдыртышыбыз керек. Ошону талап кылуу керек болчу. Мөңгүлөргө келтирилген зыянды төлөтүү керек эле, коркунучсуз абалга алып келип туруп, анан Кыргызстан алышы керек эле. Эгерде бир нерсе болуп кетсе, бизге аны коркунучсуз абалга келтирүү өтө кыйын болуп калат», — дейт экс-депутат.

Иманкожоева азыркы жетекчиликтин бир гана нерсесин — Теңгиз Бөлтүрүктүн жердин асты менен баруу демилгесин колдой турганын билдирди. Анын айтымында,мөңгүлөрдү сактап калабыз десек, жердин асты менен баруу керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM