Биз менен байланышыңыз

Назарбаев парламентке, өкмөткө кайрылуу жасоо укугун сактап калат

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 281 | 0

Казакстандын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев маанилүү маселелерди талкуулоодо парламент жана өкмөт алдында сөз сүйлөө укугун сактап калат. Tengrinews.kz маалымат агенттиги буга парламент Сенатка жиберген конституциялык мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр далил экенин жазды .

Мажилис «Казакстан Республикасындагы шайлоо жөнүндө» конституциялык мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду Сенаттын кароосуна киргизди.

Жаңы түзөтүүлөрдүн негизинде Казакстандын биринчи Президенти, Элбасы өзүнүн тарыхый миссиясынан улам парламенттин жана анын палаталарынын алдында, өкмөттүк жыйындарда өлкө үчүн өмүр бою маанилүү маселелерди талкуулоодо сөз сүйлөөгө укук алды.

Нурсултан Назарбаев аталган Конституциялык кеңешменин мүчөсү болушу мүмкүн.

19-январда Мажилис биринчи президент Нурсултан Назарбаевдин Коопсуздук кеңешине жана Казакстан элинин ассамблеясына (КЭА) өмүр бою төрагалык кылуусун жокко чыгарган түзөтүүнү кабыл алды.

Коопсуздук кеңешине жана КЭАга төрагалык кылуу укугу президент Касым-Жомарт Токаевге таандык болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM