Биз менен байланышыңыз

Дүйшөнбек Камчыбеков: «Кумтөрдү» жоготуп албайбызбы? — деген чочулоо болгон

Кыска кабар , Пикирлер | 20 Янв 2022 | 1916 | 0

Адистер арасында «Кумтөр» долбоорун жоготуп албайбызбы? — деген чочулоо болгон. Бул тууралуу Тоо кенчилер жана геологдор бирикмесинин төрагасы Дүйшөнбек Камчыбеков «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, 2020-жылды жыйынтыктап жатканда «Центерранын» жетекчилиги «Кумтөрдөн» 2021-жылы 470-510 миң унция алтын алабыз деген. Азыркы жетекчилик 468 миң унция алынганын билдирди. «Центерранын» төмөнкү көрсөткүчүнө 60 кг жетпей калса да, бул — жакшы көрсөткүч.

«Себеби 17-майда тышкы башкаруу киргизилген. Ошондо коркунучтуу бир жүйөөлүү себептер пайда болуп калды. «Центерра» тарап сотко берди, «Кумтөр голд компани» менен «Кумтөр Оперейтинг компанини» банкрот деп жарыялашты. Ошого байланыштуу көп реагенттерди, шаймандарды жеткирип жаткан компаниялар жеткирбей калган учурлар болду. Биз, адистер, чынында «Банкрот болуп кала турган болсо, керектүү каражаттар убагында жеткирилбесе, иштер жылбай кала турган болсо, такыр эле «Кумтөр» долбоорун жоготуп албайбызбы?» — деп чочулаганбыз. Бирок ага карабай, ошол жерде иштеп жаткан биздин жердештерибиз өздөрүнүн кесипкөйлүгүн көрсөтүштү», — дейт ал.

Ошондой эле «Центерра» 9 млрд сомду бюджетке түшүрөт деп пландалган болсо, азыркы маалыматта 13,6 млрд сом бюджетке түшүрүлгөнү айтылды. Бул — чынында жакшы көрүнүш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM