Биз менен байланышыңыз

Испанияда дүйнөдөгү эң кары адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 345 | 0

Испаниянын Леон шаарында дүйнөдөгү эң кары адам Сатурнино де ла Фуэнте Гарсия 18-январда 112 жашында каза болду. Бул тууралуу Гиннес рекорддор китебинин сайтында маалымдалды.

Сатурнино де ла Фуэнте Гарсия Гиннесстин рекорддор китебине 2021-жылы күзүндө пуэрто-риколук Эмилио Флорес 112 жашында каза болгондон кийин кирген.

Гарсиа 1909-жылы 11-февралда Леондо төрөлгөн. Ал жапалдаш (150 сантиметр) болгонуна байланыштуу Испаниядагы жарандык согуш учурунда (1936-1939-жылдары) аскерге чакырылган эмес. Андан кийин өзүнүн бизнесин ачып, жоокерлер үчүн бут кийим тигүү менен алектенген. Бош убактысында футбол ойногон. Ал 24 күндөн кийин 113 жашка чыкмак.

Испаниялык эң кары адам 8 баланы тарбиялап өстүргөн, 14 небереси жана 22 чөбөрөсү болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM