Биз менен байланышыңыз

Аскар Акаев COVID-19дун келечеги тууралуу божомолун билдирди

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 315 | 0

Москва мамлекеттик университетинин ректору Виктор Садовничий менен Орусия Илимдер академиясынын академиги, Кыргызстандын туңгуч президенти Аскар Акаевдин айтымында, 2023-жылдын башына карата COVID өтө жеңил формада өтөт же инфекциялардын саны кескин азаят. Окумуштуулар бул тууралуу биргелешип макала жазышканын В. Садовничий Орусиянын РБК маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

«Академик Аскар Акаев экөөбүз макала-прогноз жазганбыз. Биз математик катары бул толкундарды, мутацияларды да алдын ала көргөнбүз. Вирус тирүү үй-бүлө, ал өз жашоосу үчүн күрөшүп жатат жана өнүгүүгө аракет кылат. Экинчи жагынан, ага жашоо үчүн адам керек», — деген Садовничий берген маегинде.

Ректор Виктор Садовничийдин пикиринде, келечекте COVID-19 өтө жеңил формага өтөт, же аз санда каттала баштайт. Бул божомол 2023-жылдын башына барарына үмүттөнүшүүдө окумуштуулар.

Ректор бул прогноздун ишке ашарына ишенет. Анткени буга чейин Аскар Акаев менен анын ар кандай кризисти чечүүгө багытталган пикирлери так жана дал келген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM