Биз менен байланышыңыз

ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстандын аймагынан чыгаруу аяктады

Дүйнө , Кыска кабар | 20 Янв 2022 | 309 | 0

19-январда ЖККУнун жамааттык тынчтык күчтөрүн Казакстандын аймагынан чыгаруу аяктады. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлигинин эл аралык кызматташуу башкармалыгынын башчысы Олжас Хусаинов билдирди.

«Бүгүн ЖККУнун жамааттык тынчтык орнотуучу күчтөрүн Казакстандын аймагынан чыгаруу аяктады. Кадрлары жана техникасы бар акыркы учак Алматыдан учуп кетти. Учурда Казакстандын аймагында чет мамлекеттердин аскер кызматкерлери жок», — деди Хусаинов

ЖККУнун тынчтык орнотуучу контингетин этап менен чыгаруу 13-январда башталган.

Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин Евразиялык интеграция департаментинин директору Александр Синяговский «Казакстанга келген бардык тынчтык күчтөрү миссиясын ийгиликтүү аткарганын» билдирди.

Айта кетсек, 2-январда Казакстандын Алматы, Актау, Жаңаөзен шаарларынын тургундары суюлтулган газдын баасын арзандатуу талабы менен нааразычылык акциясына чыгышкан. Бул тынчтык митинг Казакстандын түштүк аймактарынын баарына жайылып, акыры башаламандыкка, тополоңго айланып кеткен.

Буга байланыштуу Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев ЖККУдан жардам сураган.

Тынчтык орнотуу миссиясын аткаруу үчүн Казакстанга ЖККУ өлкөлөрүнөн 2 миңден ашуун аскер, 250 аскердик техника кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM