Биз менен байланышыңыз

ДССУ: Соңку айда адамдарга эң көп «омикрон» жуккан

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 288 | 0

Акыркы айда дүйнөдө коронавирус инфекциясын жугузуп алгандардын дээрлик 72%ы оmicron, калганы delta штаммын жугузуп алышкан. Бул тууралуу Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо Уюмунун жумалык отчётунда айтылат.

Эксперттер 2021-жылдын 16-декабрынан 2022-жылдын 14-январына чейин алынган үлгүлөрдү карап чыгып, ушундай жыйынтыкка келишкен.

«Акыркы 30 күндүн ичинде жалпы 405 миң 739 оору катталган. Анын 291 миңи (71,9%) «омикрон», 113 миң 652си (28%) «дельта», 47си (0,1% дан аз) «гамма», 10у «альфа» (0,1% дан кем) жана 3ү башка түрү», — деп айтылат ДССУнун отчетунда.

ДССУ мурда маалымдагандай, оmicron штаммы коронавирустун башка түрлөрүнө салыштырмалуу тезирээк жайылып, айыккандарга кайрадан жугузуу касиетине ээ.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM