Биз менен байланышыңыз

Рябков: Орусиянын Украинага кол салуу максаты жок

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 279 | 0

Украинага кол салуу жана басып кирүү максатыбыз жок. Бул туралуу Орусия тышкы иштер министринин орун басары Сергей Рябков «Валдай» талкуу клубунда сүйлөп жатып билдирди.

«Биздин эч кандай агрессивдүү аракеттерге баруу ниетибиз жок. Биз Украинага кол салбайбыз жана басып кирбейбиз. Украинага коркунуч жаратуу планыбызда жок. Аскердик машыгууларды өз аймагыбызда гана өткөрөбүз», — деди ал.

Киев жана Батыш мамлекеттери Орусиянын Украинанын чек арасына жакын жерде «агрессивдүү аракеттери» көбөйүп жатканына тынчсыздануусун билдиришкен. Орусия Президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аскерлерин өз аймагынын ичине өз каалоосу менен жылдырып жатканын билдирди. Басма сөз катчынын айтымында, бул эч кимге коркунуч жаратпайт жана эч кимди тынчсыздандырбашы керек.

Орусия Батыштын жана Украинанын «агрессивдүү аракеттери» боюнча айыптоолорун бир нече жолу четке кагып, ал эч кимди коркутуп-үркүтпөй турганын жана эч кимге кол салбай турганын билдирген. «Орусиянын агрессиясы» жөнүндөгү билдирүүлөр НАТОнун согуштук техникасын Орусия чек араларына көбүрөөк жайгаштыруу үчүн шылтоо катары гана колдонулуп жатат деп Москва айыптап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM