Биз менен байланышыңыз

2022-жылдын бюджетине 282 млрд сом бөлүнөт

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 379 | 0

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын 2022-жылга бюджети жана 2023-2024-жылдарга болжолу жөнүндө» мыйзамга кол койду.

Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2021-жылдын 22-декабрында кабыл алган.

Мамлекеттик инвестициялык гранттарды эске алуу менен 2022-жылы республикалык бюджеттин жалпы кирешелери 282,1 млрд сом өлчөмүндө каралууда.

Номиналдык мааниде республикалык бюджеттин кирешелери 2021-жылдын бекитилген бюджетине карата 63,2%га же 109,2 млрд сомго көбөйгөн.

2023-2024-жылдар аралыгында республикалык бюджеттин кирешеси 312,2 млрд сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин чыгашаларынын жалпы көлөмү 291,2 миллиард сом өлчөмүндө белгиленүүдө, бул 2021-жылдын бекитилген бюджетинен 109,9 миллиард сомго көп.

2023-2024-жылдар аралыгында бюджеттин чыгашасы 303,8 миллиард сомду түзөт.

2022-жылга республикалык бюджеттин таңкыстыгы 9,1 млрд сомду түзөт.

Ал эми 2023-жылга бюджеттин таңкыстыгы 7,7 млрд сом деңгээлинде болжолдонууда. Бирок 2024-жылы республикалык бюджеттин профицити 8,3 миллиард сом деп болжолдонууда.

Ошону менен бирге өлкөнүн бардык мамлекеттик башкаруу секторун камтыган 2022-жылга консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 403,9 млрд сом деңгээлинде болжолдонуп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM