Биз менен байланышыңыз

«Жерүй» кени КМШдагы эң коопсуз калдык сактоочу жайга ээ»

Экономика | 19 Янв 2022 | 441 | 0

«Жерүй» алтын кени орусиялык ишкерлер тарабынан ушул жылдын март айында ишке кирген. Компания жыл башында мерчемделген планды ушул убакытка толугу менен толтурган. Алтын кен комбинат КМШ өлкөлөрүндө жок, акыркы үлгүдөгү заманбап технологиялар менен жабдылып, экологияга эч кандай зыян  тийгизбегенин билдирүүдө. 

«Жерүй» – Кыргызстан боюнча «Кумтөрдөн» кийинки эле экинчи ири алтын кен. 2015-жылы кенди иштетүүгө лицензияны 100 миллион долларга орусиялык «Востоко геолдобыча» компаниясы сатып алып, «Альянс Алтын» ишканасын түптөгөн.

«Жерүй» карьеринин экинчи этабы деңиз деңгээлинен 3760 м бийиктикте жүргүзүлүп, анда кендин керексиз катмарын 2 чакырым алыстыктагы жайга төгүп, алтын казып алууга даярдыктар көрүлөт. Буга чейин 2 млн 800 миң кубга жакын керексиз катмар чыгарылган. Ал эми кендин өзүн казып алуу 3500 м бийиктикте ишке ашат. «Альянс Алтын» компаниясынын тоо-кен бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары Нуржигит Молдалиевдин айтымында, былтыркы жылга коюлган план толугу менен аткарылган. 2022-жылы толук кубаттуулукта иштеп, миллион тоннадан ашуун руда жөнөтүү пландалып жатат.

«Бүгүнкү күндө 2021-жылга түзүлгөн өндүрүү планын толугу менен аткардык. 980 миң тонна руданы фабрикага жөнөттүк. Отвалга 2 млн 800 миң куб жараксыз катмарын төктүк. Учурда 2022-жылдын өндүрүш планы түзүлүп жатат. Ал программа аркылуу 2022-жылы толук кубаттуулукка чыгалы деп жатабыз. Кийинки жылы коюлган план боюнча 1 млн 300 миң тонна руда казып алып, фабрикага жөнөтөбүз жана ошол планды толугу менен аткарабыз деп ойлойм».

Андан соң казылып алынган кен таш майдалоочу участокко алып келинет. Ал жерде суткасына 3500-4000, саатына 200-250 тоннага чейин руда 15 см өлчөмүндө майдаланат. Майдаланган руда конвеер аркылуу саатына 170 тонна таш талкалоочу тилкеге кирет. Анда ар кандай өлчөмдөгү кошумча шарлар салынып, руда тегирменге үч ирет майдаланат. Эң акыркы стадияда кен ундан да майда 38 микрон өлчөмүндөгү абалга келет.

Компаниянын гидрометаллургия бөлүмүнүн башчысы Мээрбек Кененбаев айтылган жагдай боюнча буларга токтолду:

«3 стадиядан майдаланып келген руда пульпа деп айтылат. Пульпа 38 микрон. + 38 микрон майдаланганга кайра тегирменге түшөт. -38 микрон пульпа «грохот отделение шипы» деп коёт. Ушундан калдык жана башкалар калат. Пуьпа болсо коюуланууга кетет. Коюулануудан тыгыздыгын 43%га чейин көтөрөбүз. Анан цианидди кошобуз. А сууну болсо фабрикага кайра колдоно беребиз».

Таш майдалоо тилкесинен ундан да майда көлөмгө келген пульпа коюулангандан соң 310-тилкеге жиберилет. Бул – руданы цианиддөө тилкеси. Анда 1700 кубдан турган 5 чанда цианид кошулуп, 32 сааттык убакытта алтынды суюк фазага өткөрүү процесси ишке ашат.

«Альянс Алтын» компаниясынын цианиддештирүү бөлүмүнүн башычысы Мирбек Рысалиев ишканада цианид өз өлчөмдө кошулгандыктан, коркууга негиз жок деп эсептейт.

«Биринчи чанда цианид, кислород кошулат. Алтын суюк абалына өтүшүнө шарт түзүлөт. 5 чан тең бирдей функцияны аткарат. Эгер бир чан токтоп кала турган болсо, калган төртөө менен деле иштей берсе болот. Цианид кошулат десе эле элдин баары коркот, эң башкысы, бул жерде PHты 10-10.5 кармоо керек. Эгер 9 же андан аз болсо цианид раствордон учуп баштайт. Бул зыян алып келет».

Алтын кен комбинаттын калдык сактоочу жайы 26 гектар жерди ээлейт. Жалпы 64 гектарга чейин ачуу пландалган. Быйылкы жылга экинчи калдык сактоочу жайды куруу пландалууда. Жалпысынан бул жайда 150 млн куб калдык сактоо болжолдонгон.

Калдык сактоочу жайдын таманы 5 катмардан турат. Бул табиятты коргоого көрүлгөн чара дейт компаниянын экологу Максат Базарбаев. Анын айтымында, калдыкта калган ным жерге сиңип кетпөөсү үчүн жетиштүү чаралар көрүлгөн.

«Бул жерде 5 катар коргоочу катмар бар. Биринчисине миздүү таштар кесип, оюп кетпеши үчүн 20 см калыңдыкта суглинок төшөлгөн. Анын үстүнөн Европадан алып келинген геотекстиль төшөлгөн. Ал 200 жылга чейин туруштук берет. Анын үстүнөн кайра суглинок менен тапталган».

«Жерүйдө» 2021-жылы 900 миң тонна кен иштетилди. Жылдык план катары мерчемделген 2 тонна 700 кг алтын толугу менен өндүрүлгөн. Компания жетекчилигинин  айтымында, бул көлөм былтыркы жылга коюлган пландан ашыгы менен аткарылган.

Комбинатта бир суткада 4 миң тонна руда иштетилип, ар бир тоннасынан 3.5 грамм алтын өндүрүлүп жатат. Мамлекеттик казынага 4 млрд 20 млн 40 миң 367 сом салык төккөн. Учурда компанияда 700гө жакын Кыргызстандын жараны иштеп, ал жалпы жумушчулардын 97%ын түзөт. «Альянс Алтын» компаниясынын директорунун орун басары Константин Чуприн быйылкы жылга пландар чоң экенин, өндүрүш көлөмүн көбөйтүү, экология жана кызматкерлердин коопсуздугун коргоо чаралары көрүлүп жатканын билдирди.

«Быйылкы жылга пландар абдан чоң. Алар: алтын өндүрүүнүн көлөмүн 3 тонна 750 килограммга көбөйтүү, дагы 100 адамды жумушка алуу, коопсуздук чараларын күчөтүү, элдин ыраазычылыгын алуу ж.б. Азыр бизди бүтүндөй республика карап турат. Жоопкерчилик чоң. Биз Кыргызстанда гана эмес, КМШ мамлекеттери арасында коопсуз калдык сактоочу жайды курдук. Компания үчүн экологиялык коопсуздук абдан маанилүү. Бул биз үчүн алдыңкы орунда турат».

«Жерүй» кенинин алтын иштетүү фабрикасы 2021-жылдын 17-мартында Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путиндин катышуусунда расмий ачылган.

Copyright © 2017 Maral FM