Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун жаңы партиясы келди

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 332 | 0

Кыргызстанга жүк ташуучу вагондордун жаңы партиясы келди. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын башкы директору Азамат Сакиев кабарлады.

Айта кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында «Кыргыз темир жолу» ишканасы менен «Алтай Вагон» компаниясы Орусиядан 100 вагон сатып алуу боюнча келишим түзгөн. Анын негизинде «Кыргыз темир жолу» ички бюджеттик эсебинен 380 млн сом которгон.

Алгачкы партия 10 вагон өткөн жылдын декабрь айында келген. Бул жолкуда да 10 вагон жеткирилди. Февраль айында дагы 30 вагон келери күтүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM