Биз менен байланышыңыз

20-январда көпчүлүк аймактарда кар жаайт

Кыска кабар | 19 Янв 2022 | 468 | 0

20-январда түнкүсүн Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Ош, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Баткен облусунда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Жолдор тайгак жана тоңголок болуп, кар күрткүсү күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз -4…1;

Талас жергесинде түнкүсүн -2…-7, күндүз -4…1

Баткен, Ош, Жалал-Абад облусунда ​түнкүсүн 0…-5 күндүз 2…7;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…2;

Нарын облусунда түнкүсүн -10…-15, күндүз -5…-10;

Бишкекте кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3, күндүз -1…1 градус жылуу болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM