Биз менен байланышыңыз

Гурас Жапаров: Коррупция саясий беренеге өтүп баратат

Кыска кабар , Пикирлер | 19 Янв 2022 | 407 | 0

Менин оюмча, бүгүнкү күндө коррупция экономикалык беренеден саясий беренеге өтүп бараткансыйт. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору Гурас Жапаров «Маралдын» эфиринде билдирди.

Ал өлкөдө коррупция менен гана күрөш жүрүп, анын алдын алууга чаралар көрүлбөй жатканын кошумчалады. Айтымында, жаңы Башмыйзам кабыл алынгандан бери бардык мыйзамдарды анализ кылып, иреттеп жатышат. Алардын катарында эле ушул мыйзамдарды оңдоп, коррупциянын алдын алып, профилактика жүргүзүү керек.

«Кармап алганда ар бир кишинин ары жагында өзүнүн тагдыры бар, адис катары имиджди өлтүрөт. Булар сот боло электе эле коррупционер катары жарыялап коюп жатышат.  Эл кийин анын ак экенин териштирип отурбайт. Ошон үчүн коррупция менен иштээрде коррупциялык тобокелдиктердин баарын оңдоп-түздөп, түшүндүрүп, анан алдыга жылуу керек. Коррупция саясаттын инструменти болбошу керек. Коррупция бажыда илгертеден эле бар. Биз санариптештирүү деп айтып жатпайбызбы. Санариптештирүү дегенди мен көптөн бери эле айтып жүрөм. Эми ошону ишке ашырууга эмнеңер жетпей жатат деген суроо туулат», — дейт Жапаров.

Ал ушул кезге чейин өкмөт бир постту санариптештирүү үчүн канча акча кетерин айта элек экенин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM