Биз менен байланышыңыз

«Назарбаев тарых алдында эч качан өзүн-өзү актай албайт»

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2022 | 646 | 0

Казакстандын диктаторлук башкаруу ыкмасы Токаев келгенден кийин жарым-жартылай токтоду десек болот. Мындай пикирин эксперт Кубан Абдымен «Маралдын» эфиринде билдирди.

Анын айтымында, Назарбаевдин айланасындагылар толук кетмейинче, дөңгөлөк инерция менен айланып отуруп эле диктатордук аракеттерди ишке ашыра берет.

«Чындап келгенде канча диктаторду кызматтан эл эле алып салды. Назарбаевди болсо, алган жок, ал 2019-жылга чейин президент болуп иштеди, андан кийин Токаевге өткөрүп бербедиби. Формалдуу түрдө диктатор мындай бүтпөйт болчу. Назарбаевдин элге терс маанай жараткан бир кадамы «биз Коопсуздук кеңешин колго алып алсак, күч органдарынын баары бизде болот, калганын өзү билсин. Бирдеме болсо, биз башкарып, өзүбүздүн кишибизди коюп коёбуз» деген чоң бир катасы болгон. Бул жагынан алганда тарых астында Назарбаев эч качан өзүн-өзү актай албайт», — дейт эксперт..

Ал бул окуя башкаларга, өзгөчө Казакстандын чоң-чоң кошуналарына сабак болорун белгиледи.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM