Биз менен байланышыңыз

Эксперт: Казакстандагы нааразычылык дароо күчөп кеткени чоң суроо жаратат

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2022 | 578 | 0

Дүйнөлүк чоң саясатта Казакстандагы жагдай чоң окуяга айланып кетти. Мындай пикири менен эксперт Кубан Абдымен «Маралдын» эфиринде бөлүштү.

Бул бир жагынан Казакстандын азыркы чоң саясатта орду бийик экенин көрсөтүп жатат. Бирок ошол эле мезгилде Казакстандын ичинде чынында эмне болуп жатканын түшүнгөндөр аз. Ал жакта нааразычылыктын чыгышына себептер көп эле болчу. Бирок эң чоң себеп суюк газдын баасынын эки эсе кымбаттап кеткени болду.

«Алар алгач түшүндүрүү иштерин жүргүзбөй туруп эле, 1-январдан тарта газ эки эсе кымбаттайт деп койгону элге балка менен башка чапкандай тийип, чоң нааразычылыкты туудурду. Бирок нааразычылык ошол замат күчөп кеткендегиси чоң суроону жаратат. Бул жакта менин оюмча, провокациялык кадам болгондой шек туудуруп жатат. Ошончолук катуу нааразычылык даярдалып жатса, чалгындоо кызматтары билүүсү керек болчу да. Бул жерде эч ким билбей калып атат. Менин оюмча, нефти, газ чыгарган аймактагылар «биз ушунтип чыксак, газдын баасын арзандатат» деген бирөөнүн сөзүнө ишеништи», — дейт эксперт.

Анын айтымында, Борбордук Казакстан менен Чыгыш Казакстандагы газ менен иштеген автомашиналар баасына анча көңүл бурбайт, себеби баа ал жерде мурунтадан эле кымбатыраак болчу. Ал эми Батыш Казакстандагылардын  жок дегенде эле 30%ы газ менен иштеген автоунааларды алып алышкан. Демек, баанын 2 эсе өскөнүн алар абдан терс маанайда кабыл алышты. Анан бирөөнүн «жүргүлө, бааны түшүрөбүз» деп айткан сөзүнө ишенип эле дароо  чыгып калышты. Бирок ошол жердеги протесттин уюшкандыкта өткөнү көңүл бурдурбай койбойт. Алматыдагы окуялар болуп жатканда ал жерде деле уланып жаткан. Бирок ал жакта мародерлук, талап-тоноо, полиция менен согушуу, үйлөрдү талкалоо дегендер болгон жок. Эки тарап тез эле келишимге келишип, полициянын бир топ бөлүгү эл жакка өтүп кетти. Бирок бул Чыгыш Казакстанды, Түштүк Казакстанды жардырганга жол ачты. Андан кийин эле бир топ ызы-чуулар биринчи Түштүк Казакстанда, анан Чыгыш Казакстанда, аягында 5-январда Алматыда башталып жатат. Бул — такыр башка окуя.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM