Биз менен байланышыңыз

Пластик калдыгы климаттын өзгөрүшүнө кескин коркунуч жаратат

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 237 | 0

Пластик калдыктары климаттын өзгөрүүсүнө кескин коркунуч туудурат. Бул тууралуу башкы кеңсеси Улуу Британияда жайгашкан Курчап турган чөйрөнү изилдөө агенттигинин «Чекиттерди бириктирүү: Пластикалык булгануу жана дүйнөлүк өзгөчө кырдаал» аттуу баяндамасында айтылды.

Пластик калдыктарынын салмагы 2050-жылга чейин океандардагы балыктардын салмагынан ашып кетиши мүмкүн экени эскертилген отчётто мындай булгануу климаттын өзгөрүүсүнө терс таасирин тийгизип,  дүйнөнү коркунучка салары баса белгиленди.

Баяндама өлкөлөрдү пластик өндүрүшүн жана таштандыларды азайтуу үчүн БУУнун келишимин кабыл алууга чакырды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM