Биз менен байланышыңыз

Аида Салянова депутаттыкка талапкерлигин койду

Кыска кабар , Саясат | 18 Янв 2022 | 775 | 0

Мурунку башкы прокурор Аида Салянова №29 Свердлов шайлоо округунан талапкерлигин койду. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын сайтына жарыяланды.

Акыркы маалыматтарга караганда, кайра шайлоо өтө турган №27 Биринчи май жана №29 Свердлов округдарынан депутаттыкка талапкер болгондордун саны 40ка жетти.

Эки округдан кайра талапкерлигин койгондордун арасында алтынчы чакырылыштын депутаттары Ирина Карамушкина, Рыскелди Момбеков жана Шайлообек Атазов да бар.

2021-жылдын 28-ноябрында өткөн парламенттик шайлоодо бул округдарда «баарына каршы» добуш басымдуулук кылып, депутат шайланбай калган. Мыйзам боюнча мындай учурда кайра шайлоо өткөрүлөт.

Кайра шайлоону өткөрүү ушул жылдын 27-февралына белгиленген.

Copyright © 2017 Maral FM