Connect with us

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн ичинен баалардын өсүүсү боюнча Кыргызстан алдыда

Кыска кабар , Экономика | 18 Янв 2022 | 489 | 0

2021-жылдын жыйынтыгы менен экономикада баалардын өсүүсү жана инфляциянын жогорку деңгээли боюнча Евразия Экономикалык Биримдигине мүчө өлкөлөрдүн ичинен Кыргызстан алдыда экени Улуттук статистика комитети тараткан маалыматта айтылды.

2021-жылдын январь-декабрында инфляция 11,2 пайызды түзгөн. Бул көрсөткүч Беларуста 10%ды, Орусия менен Казакстанда 8,4%ды, Арменияда 7,7%ды түзөт.

Азык-түлүк товарларынын (анын ичинде алкоголдук ичимдиктин жана тамекинин) баалары жана тарифтер 13,3 пайызга жогорулаган. Ал эми Беларуста 10%ды, Орусия менен Казакстанда 8,4%ды, Арменияда 7,7%ды түзгөн.

11,2% инфляция 2010-жылдан берки катталган эң жогорку көрсөткүч экендиги белгиленди.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM