Биз менен байланышыңыз

Пандемия алдыңкы байлардын кирешесин эки эсе көбөйткөн

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 322 | 0

2020-жылдын март айынан бери дүйнөнүн эң бай 10 адамынын жалпы байлыгы 700 миллиард доллардан 1,5 триллион долларга, тагыраагы, эки эсе көбөйгөн. Бул тууралуу эл аралык Оксфам уюмунун отчетунда айтылат.

Forbes журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн эң бай он адамы деп төмөнкүлөр табылган:

  1. Илон Маск (АКШ) — $268,1 млрд;
  2. Жефф Безос (АКШ) — $188 млрд;
  3.  Бернард Арно (Франция) — $187,5 млрд;
  4. Билл Гейтс (АКШ) — $134,5 млрд;
  5. Ларри Эллисон (АКШ) — $120,1 млрд;
  6. Ларри Пейж (АКШ) — $119,4 млрд;
  7. Марк Цукерберг (АКШ) — $117,5 млрд;
  8. Уоррен Баффетт (АКШ) — $116,9 млрд;
  9. Сергей Брин (АКШ) — $115,1 млрд;
  10. Стив Балмер (АКШ) — $98,5 млрд.

Оксфам уюмунун отчётуна ылайык, планетадагы эң бай 10 адамдын байлыгы пандемия учурунда күн сайын 1,3 миллиард доллардан жогорулап жүрүп отурган. Бул каражат планетанын бардык тургундарын коронавируска каршы эмдөөдөн өткөрүүгө, ошондой эле 80 өлкөнүн маанилүү социалдык жана климаттык программаларын төлөөгө кеңири жетмек.

Отчётко ылайык, жакырчылыктан күн сайын кеминде 21 миң адам өлөт. Бул адамдардын медициналык жактан камсыздалууга мүмкүнчүлүгү жок. Алар гендердик зомбулукка кабылышат жана ачкачылыктан жабыр тартышат. Оксфам уюму 2030-жылга карата 3,3 миллиард адам күнүнө 5,5 доллардан аз акчага жашап каларын болжолдоодо.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM