Биз менен байланышыңыз

Карганбек Самаковго кайрадан жер ээлеп алуу дооматы коюлууда

Коом | 18 Янв 2022 | 990 | 0

Кечээ, 17-январда Аламүдүн районунун Биримдик-Кут конушунун тургундары өкмөт үйүнүн алдына митинг өткөрүштү. Чогулгандардын айтымында, экс-депутат Карганбек Самаков аталган конуштагы жерди 2012-жылы мектеп салып берем деген убада менен өзүнө каратып алган. Убада аткарылбай келгендиктен алар жерди мамлекетке өткөрүп берүү талабы менен нааразычылыкка чыгышкан. Карганбек Самаков мындай дооматтарды четке кагып, жер бош эле турганын айтты. 

Ттургундары билдиргенине караганда, конушка тиешелүү 1,72 гектар жерди Карганбек Самаков мектеп салып берем деп, менчигине өткөрүп алган. Бирок экс-депутат мектеп салмак тургай, жерди күрөөгө коюп салган.

Учурда Биримдик-Кутта 1200 түтүн калк жашайт. Мектеп жоктугуна байланыштуу конуштун балдары шаардагы ар кайсы мектептерден билим алып келишет.

Биримдик-Куттун тургуну, 5 баланын атасы Алтынбек шаар ичиндеги ар кайсы мектептерге барган балдарынын коопсуздугуна тынчсызданарын  айтты.

«Эл-журт турат, баарыбыз эле «мектеп салынат, ФАП бар, соцобъекттер бар, ушунун баары болот» дегенинен ушу конуштан жер алганбыз. Үй салгандан кийин эле мектебибиз жок болуп калды. Эми 1200 түтүнгө эки баладан эле эсептегилечи. Мисалы, менин 5 балам бар. Ошентип эсептегенде бери чети 4 миң бала бар. Эми азыр шаар ичинде ар кайсы жактарда чачырап окушат».

 Маселе боюнча Карганбек Самаковго байланышканыбызда, учурда ооруканада дарыланып жатканына байланыштуу конуштун тургундары менен жолугуу мүмкүн эместигин билдирди.

Экс-депутат мектеп салууга конуштун тургундарына жерди өзү бергенин андан тышкары социалдык обьекттерди куруу үчүн да бир катар жерлерди белек кылганын маалымдады.

«Абдан туура эмес маалымат. 1.8 гектар жерди айылга мектепке деп, биз белек кылганбыз. Ал жерде мектеп эле эмес, жүздөгөн адамдарга жер тилкелерин соопчулукка белек кылып биз бергенбиз. Эл деген эл экен. Бекер жерди сатып жиберишип, утур келгени ар кайсыны айта беришет экен. «Тиешелүү органдардын баарын чогулткула, кызыкдар тараптарды да чогулткула, чогулуш өткөрөлү» деп, январдын башында пландап жатканбыз. Мен ооруп калдым. Эми буюрса, чыкканда жолугабыз».

 Аламүдүн районунун акими Бактыбек Кочкоров мектеп маселеси боюнча иш Башкы прокуратурага өткөнүн кабарлады. Ал баары мыйзам чегинде чечилерине ишендирди.

«Эртең дагы көйгөй болуп калбашы үчүн мыйзам чегинде иш алып баруу керек. Мурунку премьер-министрдин токтому менен трансформация жокко чыккан. Ошонун негизинде башкы пландар да жокко чыккан. Бирок ага карабастан прокуратурага өткөрүп бердик. Аз күндүн ичинде процедуралык иштер бүтүп, сотко кетет. Эми сот мыйзам чегинде чечим чыгарышы керек».

Президенттин тапшырмасы менен быйыл Бишкек шаарындагы жаңы конуштарга 20 мектеп салынат. Биримдик-Кут конушуна да мектеп түшөрүн президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев убада кылды.

«Быйыл Бишкек шаарына жана Сокулук, Аламүдүн райондорундагы конуштарга 20 мектеп салынат. Себеби бул жерде калк жыш жайгашкан. Кээ бир 700 орундук мектептерде 2500ге чейин бала окуп, 3 сменада билим алып жатышат. Анын ичинде Биримдик-Кут конушуна да сөзсүз мектеп салынат».

Экс-депутат Карганбек Самаков 2017-жылы Бишкектеги бир нече гектар жерди мыйзамсыз трансформациялаган деген айып менен 10 жылга кесилген. Бишкек шаардык соту быйыл 13-январда Карганбек Самаковду актап, мүлктөрүн камактан чыгарган.

Copyright © 2017 Maral FM