Биз менен байланышыңыз

Өзбекстанда учкучсуз учуучу аппараттар чыгарыла баштады

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 624 | 0

Өзбекстан учкучсуз учуучу аппараттарды (дрон) чыгара баштады. Бул тууралуу Өзбекстандын Коргоо өнөр жайы боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Комитеттин алдында учкучсуз учуучу системалар боюнча илимий-өндүрүштүк борбор түзүлгөн. Ал мекеме эл аралык техникалык талаптарга жана стандарттарга толук жооп берген «Лочин» учкучсуз учуучу аппараттарын чыгарууну баштады.

Бул долбоор Борбор Азияда биринчи жолу Өзбекстанда өздөштүрүлүп, ишке киргизилди.

Учак жана квадрокоптер тибиндеги «Лочин» учкучсуз учуучу аппараты чалгындоо тапшырмаларын аткаруу, сокку уруу, реалдуу убакыт режиминде байкоо жүргүзүү, маалымат алуу, артиллериялык аткылоо процессин башкаруу, ошондой эле картага түшүрүү, топографиялык изилдөө, айыл чарба, нефть-газ, токой, темир жол, геология тармактарындагы резервдерди, жолдорду, социалдык жана башка имараттарды каттоого алуу сыяктуу милдеттерди аткарат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM