Биз менен байланышыңыз

БУУнун Башкы катчысы дүйнөнү кийинки пандемияга даярданууга үндөдү

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 229 | 0

БУУнун башкатчысы Антониу Гутерриш Дүйнөлүк экономикалык форумда (WEF) элди кийинки пандемияга даярданууга чакырды.

«Биз ар бир өлкөгө ооруну эрте аныктоого жардам берүү үчүн инвестиция салып, кийинки пандемияга даярданышыбыз керек. Ошондой эле Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун кадырын көтөрүүгө болгон күчүбүздү  жумшообуз кажет», — деди Гутерриш форумдагы видео кайрылуусунда.

Ал ошондой эле учурдагы коронавирустук пандемияга каршы калыс жана бирдей күрөшүүгө чакырды.

Гутерриш Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму 2021-жылдын аягына чейин дүйнө калкынын 40% жана ушул жылдын ортосуна чейин 70% эмдөөдөн өтүшү керек болгон стратегияны эске салып, вакциналарды бөлүштүрүүдө адилеттүүлүк керек экенин айтты. Анын мисалында, өнүккөн өлкөлөрдүн эмдөө көрсөткүчтөрү Африка өлкөлөрүнө караганда 7 эсе жогору.

«Фармацевтикалык компаниялар лицензияларды жана технологияларды өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен бөлүшүп, тилектештик көрсөтүшү керек, ошондо баарыбыз пандемиядан чыгуу жолун таба алабыз», — деди башкы катчы Антониу Гуттериш.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM