Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын футзалчы кыздары Борбор Азия чемпионатына жөнөп кетишти

Кыска кабар , Спорт | 18 Янв 2022 | 396 | 0

Кыргызстандын футзал боюнча кыздар курама командасы Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарына жөнөп кетишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Футзалчы кыздар CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешине катышат. Беттеш 19-29-январда өтөт.

Команданын курамында Толгонай Алмазбекова, Айтурган Аскарова, Айжан Боронбекова, Ирина Дорофеева, Сезим Кубанычбекова, Кымбат Өмүрбекова, Айдана Оторбаева, Айпери Саскеева, Бактыгүл Токтоболотова, Кенжебүбү Ырысбек кызы, Назик Күмүшбек кызы жана дарбазачылар Наталья Гайворонская, Жайна Өмүрбекова бар.

CAFA Women’s Futsal Championship — Борбор Азиядагы футболчулар бирикмеси тарабынан өткөрүлүп келаткан ири мелдеш. Бул бирикмеге Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Иран мамлекеттери мүчө болуп кирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM