Биз менен байланышыңыз

БУУнун программасына катышуу үчүн 100 долбоор тандалып алынды

Кыска кабар , Пикирлер | 18 Янв 2022 | 1021 | 0

Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк программасына катышуу үчүн 100 долбоор тандалып алынды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «Маралдын» эфиринде билдирди.

Бул программага катышып жаткан Баткен жана Жумгал районунан баш-аягы 148 долбоор келип түшкөн. Эки комиссия алардын арасынан 100 долбоорду тандап алды. Эми аларга өздөрүнүн чакан бизнесин башташ үчүн 100 миң сомдон берилет.

«Долбоорго катышуу үчүн аз камсыз болгон үй-бүлөлөр жана «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулун алып жаткандар жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органына арыз менен кайрылып, өздөрүнүн бизнес-планын сунушташкан. Мисалы, мал чарбасын кармоо үчүн, үндүк, тоок багуу, андан башка сүт азыктарын иштетүү, жашылча-жемиш өстүрүү деген бардык түрлөрү боюнча жазса болот. Комиссия эки райондон ар биринен элүүдөн 100 долбоорду тандап алды. Эми Азык-түлүк программасынын бюджетинен аларга 100 миң сомдон  берилет.  Алар ошол акча менен өздөрүнүн кичинекей бизнесин баштап, жакырчылыктан чыгууга  шарт түзүлөт», — дейт ал.

Бул мамлекеттен жөлөк пул күтүп жашап калгандар үчүн өз ишин алып кетүүгө жакшы мүмкүнчүлүк түзөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM