Биз менен байланышыңыз

«Кадамжай менен Жумгалда жакырлар каржылык сабат боюнча окутулат»

Кыска кабар | 18 Янв 2022 | 318 | 0

2017-жылдан баштап, БУУнун азык-түлүк программасынын алкагында 5 миңден ашык долбоор ишке ашырылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Жаңыл Алыбаева «Маралдын» эфиринен билдирди.

2018-жылы жаңы багыттагы программага кол коюлуп, ошо ишке ашырылып жатат. Бүгүнкү күндө өлкөдө 113 миң үй-бүлө «үй-бүлөгө көмөк» алышат. Бул жөлөк пул берип коюу менен гана чектелбестен, ал үй-бүлөлөрдөгү жумушсуз адамдарды жумуш менен камсыз кылып, жеке бизнесин ачканга шарт түзүп берет.

«Бул долбоор боюнча азырынча Баткен облусундагы Кадамжай районун, Нарын облусундагы Жумгал районун пилоттук кылып тандап алдык. Долбоор ушул жылдын 1-июлуна чейин ишке ашырылат. Аны бүткүл республикага жайылтуу ниетибиз бар. Долбоордун негизги максаты — үй-бүлөдөгү жумушсуздарды иш менен камсыз кылуу жана жеке ишкерлик менен алек болуу. Ага чейин үй-бүлө долбоордун алкагында финансылык сабаттуулукка окутулат», — дейт адис.

Андан тышкары аларга бизнес-план түзгөндү үйрөтүп, профессионалдык лицейлерде окутуу каралууда. Азыркы убакта долбоордун алкагында Баткен облусу боюнча 148 долбоор келип түшүп, элүүсү тандалып алынды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM