Биз менен байланышыңыз

Кытайда төрөлгөндөрдүн саны болуп көрбөгөндөй төмөндөп кеткен

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 265 | 0

Кытайдын Улуттук статистика кызматынын маалыматына ылайык, Кытайда төрөлүү көрсөткүчү 1000 адамга 7,52%ды түздү. Бул көрсөткүч былтыр 8,52 болуп катталган.

Бул 1949-жылы Кытай Эл Республикасы түзүлгөндөн берки эң төмөнкү көрсөткүч болду.

Ошондой эле 1978-жылдан бери статистикалык жылдык маалыматтардын эң төмөнкү деңгээлин көрсөтөт.

Кытай 2016-жылы «бир бала» саясатын жокко чыгарып, 2 балалуу болууга уруксат берген. Бирок, бул өзгөртүү төрөткө олуттуу салым кошкон жок. Өткөн жылы өлкөдө бул саясат дагы жумшарып, 3 балага уруксат берилген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM