Биз менен байланышыңыз

2022-жылы Бишкектеги жаңы конуштарга 20 мектеп салынат

Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 270 | 0

Быйыл, 2022-жылы Бишкек шаарынын жана Сокулук, Аламүдүн райондорунун жаңы конуштарына 20 мектеп салынат. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Быйыл Бишкек шаарына жана Сокулук, Аламүдүн райондорундагы конуштарга жыйырма мектеп салынат. Себеби бул жерде адамдар жыш жайгашкан. Кээ бир 700 орундук мектептерде 2500гө чейин балдар окуп, 3 сменада билим алып жатышат». 

Эркин Тентишевдин айтымында, бул мектептер президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен курулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM