Биз менен байланышыңыз

«Ойлоп табуучуларга дем берүү үзгүлтүксүз уланышы кажет»

Коом | 17 Янв 2022 | 605 | 0

Бүгүн, 17-январда Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттиги (Кыргызпатент) Бүткүл дүйнөлүк ойлоп табуучулар күнүнө карата көргөзмө уюштурду. Ага өлкөнүн бардык аймагынан 3 миңден ашуун ойлоп табуучу катышып, өз табылгалары боюнча онлайн жана офлайн режимде таанытым жасашты. 

Жолдошбек Бейшекеев Кара-Балта шаарындагы чыгармачыл балдардын үйүндө сабак берет. Ал бул көргөзмөгө электр мотоциклин жасаган окуучусун алып келген. Жаш ойлоп табуучу электр унаа 220 вольттук ток менен заряддалса, 2-3 саат колдонууга боло турганын айтат. Электр мотоциклин толук жасап чыгууга 20 миң сомдун тегерегинде каражат сарпталган. Ал бул мотоциклди жөнөкөй эле материалдар менен курап чыккан.

«Кыймылдаткычы кадимки дрелдин мотору, редукторун болсо, балдар ойногон пульттуу машинадан алдык. Акумулятор 12 вольттук, аны туташтырып, фарасын коштук. Адамга жеңилдик алып келе тургандын баарын коштук.  Толук иштелип бүтсө, 2-3-саат колдонууга болот».

Соңку кезде ата-энелер балдарын кошумча ийримдерге көбүрөөк бере баштады. Панфилов райондук билим берүү бөлүмүнө караштуу «Башат» билим берүү борборунун насаатчысы Мыскал Алымбаева бул көргөзмөгө 14 окуучусун алып келген. Мындай иш-чаралар балдарга дем берип, тажрыйба алмашууга жакшы мүмкүнчүлүк түзөт деген ойдо.

«Бул өзүн-өзү өнүктүрүү эмеспи. Эң негизгиси тажрыйба алмашуу болуп жатат. Ошол тажрыйба алмашуунун негизинде биздин балдар өнүгүп, жакшы техниктер чыгат деген ойдобуз. Балдарды ушундай көргөзмөлөргө алып келип, олимпиадаларга катыштырып, өнүктүрүүнүн үстүндө иштешибиз керек».  

Бүткүл дүйнөлүк ойлоп табуучулар күнүнө карата Кыргызпатент өткөргөн бул көргөзмөгө катышууну каалагандардын жашы, деңгээл-даражасы чектелген эмес. Баш-аягы 3 миңден ашуун ар кандай табылга коюлган.

Интеллектуалдык менчик жана инновациялар агенттигинин төрайымы Рахат Керимбаева иш-чаранын максаты тууралуу буларга токтолду.

«Бүгүнкү иш чаранын өзгөчөлүгү – аймактардын да катышуусу. Мына 3 миңден ашуун бала, эжей-агай катышып жатат. Биз кыймылдаткыч күчтү токтотуп калбай, дагы улантышыбыз керек. Жаштар биздин абдан чоң кыймылдаткыч күч болуп эсептелет. Жаштардын ойлоп табуучулук шыгын өркүндөтүшүбүз керек. Жаштар үчүн алгылыктуу чоң долбоорлорубуз келечекте ишке ашат деген ойдо турабыз».

Көргөзмөнүн жүрүшүндө Инновация борбору Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте уюштурулган инженердик мектептин ачылышын жасады. Андан соң ар кыл багыт боюнча иш алып барган спикерлер өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Copyright © 2017 Maral FM