Биз менен байланышыңыз

Канада жарандарына Украинага барбоону сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 383 | 0

Канада өкмөтү веб-сайтына өлкө жарандарына өтө зарылчылык болбосо, Украинага барбоону сунуштаган билдирүүсүн жарыялады.

Канада өкмөтүнүн веб-сайтында: «Орусиянын Украинага баскынчылыгы уланып, өлкөнүн ичинде, анын айланасында орус аскер күчтөрү көбөйүп баратат. Андыктан Украинага баруудан качкыла», — деп айтылат.

Орусия Батыштын Украинага каршы агрессивдүү пландарын жана кошуна өлкөнүн, анын ичинде Донбасста аскерлеринин болушуна мүмкүнчүлүк бербей турганын кабарлады.

Ал эми АКШ Конгресси АКШ менен Орусия «жаңы кансыз согушка» киргенин маалымдап, Вашингтон Москвага карата кысымды күчөтүшү керектигин билдирди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM