Биз менен байланышыңыз

Песков: Орусия менен НАТОнун мамилеси «кызыл чекке» жетти

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Янв 2022 | 265 | 0

Орусия НАТОнун Украинага акырындап басып киришине күбө болуп жатат, мындан ары ага чыдай албайт. Бул тууралуу Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков жекшембиде CNN телеканалына берген маегинде билдирди.

«Биз НАТОнун Украинанын аймагына инфраструктурасы, инструкторлору, коргонуу жана чабуул куралдарынын запастары, украин аскерлерин машыктыруу жана башка ушул сыяктуулар менен акырындап басып киргенине күбө болуудабыз», — деди орус лидеринин басма сөз катчысы.

Песковдун пикиринде, окуялардын мындай өнүгүшү Орусия менен НАТОнун мамилесин «кызыл чекке» жеткирди. Мындай абалга мындан ары Москва «чыдай албайт».

«Президент Путиндин: «Бул биз үчүн реалдуу коркунуч» деп айтканынын негизги себеби ушул болду. Бул — Европадагы туруктуулукка жана коопсуздукка реалдуу коркунуч. НАТО тынчтыктын көгүчкөнү эмес, Орусиянын чек арасына чейин сойлоп бараткан тирешүү куралы», — деди Песков.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM