Биз менен байланышыңыз

Казакстандын күч органдары тарабынан дагы 2 кыргызстандык кармалды

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 688 | 0

Кыргызстандын дагы эки жараны Казакстандын күч органдары тарабынан кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Казакстандагы консулу Назарали Арипов тастыктады.

Маалым болгондой, 22 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулу Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек арачылары тарабынан кармалган.

Ал 10-январда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра тилкесинен мал издеп чыгып, кокусунан Казакстандын аймагына өтүп кетип кармалган.

Ушундай эле окуя Талас облусунда кайталанып, анда бир жаран Казакстанга өтүп кетип кармалган.

«Биз эки иш боюнча тең нааразычылык нотасын жөнөттүк. Азыр териштирүү жүрүп жатат, Кыргызстандын жарандарын бошотуунун үстүндө иштеп жатабыз», — деп билдирди Назарали Арипов.

Казакстандагы тополоңдон кийин беш кыргызстандык кармалган. Алардын арасында музыкант Викрам Рузахунов да болгон, ал эртеси күнү бошотулган. Бүгүн дагы төрт мекендешибиз бошотулду.

Copyright © 2017 Maral FM