Биз менен байланышыңыз

Англия ханзаадасы бардык артыкчылыктарынан ажырады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 256 | 0

Англиянын ханышасы Елизавета II нин ортончу уулу, Йорк герцогу ханзаада Эндрю бардык аскердик наамдарынан жана королдук “Улуу Даражалык” наамынан ажыратылды. Бул тууралуу королдук Букингем сарайы билдирүү жасады.

Эми ханзаада Эндрю үчүн «Улуу даражалуу» деген сөз айкашы мындан ары колдонулбайт.

Ханзаада Эндрюге жашы жете элек кызды зордуктаган деген айып менен АКШ сотунда иши каралууда. Бул арада королдук сарай билдирүү жасап, ханышанын макулдугу менен ханзаада Эндрюнун аскердик жана падышалык наамдары кайтарылып алынганы жарыяланды.

“Йорк герцогу мындан ары мамлекеттик кызматты ээлебейт жана анын соттук иши катардагы жаран катары улантылат”, — деп айтылат билдирүүдө.

Ханзаада 12 аскердик чинин жана Гренадия гвардиясынын поковниги наамдарын тапшырды. The Sun басылмасынын  маалыматына караганда, Эндрю титулдан ажырагандан соң  2003-жылы алган жана 7,5 миллион фунтка (780 миллион рубль) оңдоп-түзөөдөн өткөргөн Виндзор Улуу Паркындагы кымбат сарайынан ажырап калышы мүмкүн. Андан сырткары мамлекеттик күзөтчүлөрү да тартылып алынат.

2021-жылдын августунда Вирджиния Робертс-Жуффре Манхэттендеги федералдык сотко кайрылып, ханзаада Эндрю аны 17 жашында зордукаган деп айыптаган. Анда королдук үй бүлө мүчөсү Лондондо Жуффренин эркине каршы мамиледе болгону, ал ханзаада Эндрю анын канча жашта экенин билгенин да ырастаган. Бирок ханзаада Эндрю тагылган айыптан баш тартып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM