Биз менен байланышыңыз

Казакстандын борборун мурдагы атына кайтаруу үчүн кол топтоо башталды

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 530 | 0

Казакстандын борбору Нур-Султанды мурдагы аталышына кайтаруу үчүн онлайн кол топтоо башталды.

Кайрылууда «2019-жылдын март айында Казакстандын президентинин жарлыгы менен өлкөбүздүн борбору Астана шаары Нур-Султан шаары болуп өзгөртүлгөн. Бул чечим социалдык тармактарда жана карапайым калк тарабынан терс кабыл алынып, мурунку аты күнүмдүк турмушта колдонулуп келет. Коомдогу маанайды эске алып, президенттен, өкмөттөн жана парламенттен биздин республиканын борбору Астана шаары деп мурдагы атын кайтарып берүүнү суранабыз», — деп айтылат.

Кайрылуунун авторлору жергиликтүү бийликтерден кошумча “бардык шаарлардагы Назарбаев атындагы көчөлөргө мамлекеттүүлүктү, биримдикти жана өлкөнүн эгемендигин баса белгилеген бейтарап ысымдарды берүүнү” суранышкан.

Мисалы, Алматыдагы Назарбаев проспектисин Республика проспектиси деп атаса болоору айтылат кайрылууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM