Биз менен байланышыңыз

Ооганстанда өзбек тектүү талибандар нааразычылык акциясына чыгышты

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 214 | 0

Ооганстандын түндүгүндөгү Фарьяб провинциясынын борборуна жүздөгөн өзбек талибандары алардын командири жана жергиликтүү полиция башчысы Махдом Алам кызматтан алынгандан кийин нааразылык акциясына чыгышты.

Бул тууралуу Жакынкы Чыгыштагы The National басылмасы жазды.

Маалыматка караганда, Махдом Алам Мазари-Шарифте (Балх провинциясы, Ооганстандын түндүгүндө) үч аялды барымтага алган деп айыпталып, Ооганстандын Коргоо министринин орун басарынын буйругу менен кызматынан бошотулуп, камакка алынган. Ал эми өзбек талибандары командиринин кызматтан алынышына анын улуту себеп болгонун айтышууда.

The National гезити талибан демонстранттары Аламды бошотууну талап кылып жатышкандыктарын жазган. Демонстрация учурунда алар провинциянын губернаторунун кеңсесин курчоого алып, бир нече пуштун талибдерин куралсыздандырышкан.

Ооганстандын Талибан өкмөтүндөгү экинчи вице-премьер-министр, этникалык өзбек Абдул Салам Ханафи Твиттерде Фарьябдагы демонстранттар менен сүйлөшүүгө даяр экенин билдирди.

«Өкмөттө өзбектер менен түркмөндөрдүн өкүлдөрү болуусун талап кылышууда. Алар шаардын борборуна чатыр тигип, талаптары аткарылмайынча митинг улантылаары айтылууда», — деп жазган басылма.

Ооганстандагы бийликти басып алган талибандардын негизин пуштундар түзөт. Ооганстандагы башка улуттардын өкүлдөрү буга чейин талибандарды этникалык эзүү үчүн айыпташкан.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM