Биз менен байланышыңыз

Зеленский лидерлер менен үчтүк форматта жолугушууну сунуштады

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 343 | 0

Украина президенти Владимир Зеленский АКШ президенти Жо Байден жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен үч тараптуу форматта жолугушууну сунуштады. АКШ тарап жолугушууга кызыкдар экенин билдирсе, Орусия жообун бере элек.

Украинанын президенттик аппаратынын жетекчиси Андрей Ермак АКШнын Донбасс кризисинин чечүүгө болгон аракетин жогору бааларын айтты. Жолугушуу онлайн форматта болушу мүмкүн экенин кошумчалады.

Орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков АКШдан жана украин тараптан үч тараптуу саммит өткөрүү боюнча эч кандай сунуш түшпөгөнүн жана талкуулоо үчүн эч кандай маселелер аныкталбаганын билдирди.

Ал арада Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Алексей Пушков Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин Путин жана Байдендин катышуусунда үч тараптуу онлайн саммит өткөрүү сунушуна комментарий берди.

«Зеленский тиешеси жок чоң лигага кирүүгө аракет кылууда. Мындай сүйлөшүүлөр өзүнөн башка эч кимге кереги жок жана бул жетишсиз», — деп жазган Пушков өзүнүн Telegram каналында.

Анын айтымында, бул демилге «Владимир Зеленскийдин өзүн-өзү жарнамалоонун кезектеги ийгиликсиз аракети» жана «Батыш саясатында Украина өзүнчө көз карандысыз субъект эмес» экенин каалабайт же түшүнө албайт.

Украин тарап АКШны Орусия менен сүйлөшүүлөргө тартуу идеясын бир нече жолу айтып келген. Зеленский ошондой эле буга чейин Путин менен «каалаган форматта» сүйлөшүүгө даяр экенин билдирген. Жооп катары орус лидеринин басма сөз катчысы Дмитрий Песков ар кандай диалог «түшүнүктүү, даяр жана конкреттүү натыйжага жетишүүгө багытталышы» керектигин баса белгилеген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM