Биз менен байланышыңыз

Танзанияда кургакчылыктын кесепетинен 62 миңден ашуун мал өлдү

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 203 | 0

Танзаниянын түндүгүндөгү Маньяра аймагында узакка созулган кургакчылыктан улам 62 миңден ашуун мал өлдү.

Бул тууралуу Синьхуа маалымат агенттиги жергиликтүү бийликке таянуу менен жазды.

Шиманджиро округдук кеңешинин башчысынын орун басары Сендеу Лайзердин айтымында, узакка созулган кургакчылыктын кесепетинен 62 миң 585 мал өлгөн.  Алар бодо мал, кой жана эчкилер болгон.

Лайзер кургакчылыкка байланыштуу малчыларды суусу жана чөбү бар аймактарга көчүүгө мажбурлап жатканын билдирди.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM