Биз менен байланышыңыз

Кофени көп ичүү мээнин бузулушуна алып келет

Кыска кабар | 15 Янв 2022 | 178 | 0

Спирт ичимдиктерин, газдалган суусундуктарды жана кофени көп ичүү  мээнин бузулушуна жана начарлашына алып келет. Бул тууралуу америкалык диетологдорго шилтеме берүү менен Eat This, Not That! маалымат порталы жарыялады.

«Көп өлчөмдөгү алкоголдук ичимдик мээнин нейрондорун тез өлтүрөт, андыктан үзгүлтүксүз ичүү ага олуттуу зыян келтирет» деп эскертишет адистер.

Кофени көп ичпөө зарыл. Күнүнө алты стакандан ашык ичүү мээнин кичирейишине жана деменциянын өнүгүшүнө алып келиши мүмкүн.

Курамында шекер көп болгон суусундуктар да мээнин иштешине терс таасирин тийгизет.

Буга чейин кант мээнин иштешине терс таасирин тийгизери белгилүү болгон. Маалым болгондой, эгер адам күн сайын бир же эки стакан канттуу суусундуктарды ичсе, анын мээси 5,8 жылга, ал эми эки стакандан ашык болсо, 11 жылга баят картаят.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM