Connect with us

Унаанын терезесин караңгылатуу мыйзамы кайрадан сунушталды

Экономика | 14 Янв 2022 | 1518 | 0

Экономика жана соода министрлиги унаалардын алдыңкы терезесин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштоодо. Бул боюнча мыйзам жазылып, Министрлер кабинетинин сайтына коомдук талкууга коюлду. Министрлик мыйзам долбоорунун максаты өлкө казынасына салыктык эмес кирешелердин да түшүүсүн көбөйтүү экенин айтат. Ал эми эл ичинде унаанын терезесин караңгылатууну колдогондор да, ага каршы чыккандар да бар. 

Айта кетсек, унаалардын терезесин караңгылатууга 2018-жылдын 21-декабрында Өкмөттүн №601 токтому менен тыюу салынган. Бул токтомду жокко чыгарып, терезени караңгылатууну мыйзамдаштыруу демилгеси кайрадан көтөрүлүп, Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы, Ички иштер министрлиги, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети, Тышкы иштер министрлигинин кескин сынына кабылгандан кийин ишти кароо токтотулган.  Ошол кездеги өкмөт бул мыйзам «Коопсуз шаар» долбооруна залакасын тийгизерин жүйө келтиришкен.

Анткен менен демилгечилер Өзбекстан менен Тажикстанды мисалга тартып, мындан пайда көп түшөрүн айтышат.

Мыйзам долбоорун кайрадан коомдук талкууга алып чыгуунун максатын Экономика жана соода министрлигинин бизнес чөйрөсүн жүргүзүү саясаты башкармалыгынын башчысы Улан Султанбаев түшүндүрдү.

«Эл буга тыюу салынганына карабастан колдонуп келе жатышат. Мыйзамда тыюу салынып, 17 миң 500 сом айып пул чегерилген. Ошого карабастан караңгылатып айдап жүрүшөт. «Балким биз ушуга уруксат берип көрсөк кандай болот?» деп, ошол мыйзам долбоорун демилгелеп чыгып жатабыз».

 Жогорку Кеңештин депутаты Искак Масалиев унаалардын терезесин караңгылатууга каршы. Ал бул мыйзам долбоорун талкуулоого да болбой турганын айтат.

«Автоунаалардын терезесин караңгылатуу же караңгылатпоо, менин жеке пикиримде, өтө деле маанилүү маселе эмес. Ушундан бюджет толуп калат деген да туура эмес. Мага таптакыр жакпайт. Бул талкуулай турган маселе эмес».

 Автоунаалардын терезесин караңгылаткандарга чара көрүү укугу 2019-жылы Транспорт жана жолдор министрлигинен алынып, Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгына берилген. Маселе боюнча пикирин билүү үчүн башкармалыкка чалганыбыздан майнап чыккан жок.

Чет өлкөлөрдө унаанын терезесин караңгылатууга уруксат бергени менен бир катар катаал талаптар да коюлат. Маселен, эгер терезеси караңгылатылган унаа жол кырсыгына кабылса, айдоочунун жоопкерчилиги көбүрөөк болот. Жарандык активист Семетей Талас уулу бул мыйзам кабыл алынса, жол кырсыктарынын көбөйүүсү менен бирге, уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү да кыйындайт деп эсептейт.

«Автоунаалардын терезелерин караңгылатуу уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүүдө тоскоолдук жаратат. Себеп дегенде унаанын эки капталы эле караңгылатылганда айдоочунун жүзү жакшы көрүнбөй калат. Эгер астынан бери караңгылатса, таптакыр көрүнбөй калат. Каржы эле болгону болбосо, дээрлик пайдасы деле жок. Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса, жол кырсыктарынын көбөйүшүнө да алып келет».

Бейрасмий маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1 миллион 450 миңге жакын унаа бар. Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгы алдыңкы жана каптал терезелери караңгылатылган унаа айдагандарга карата 2021-жылы 2,5 миң протокол түзүлгөнүн билдирди.

Copyright © 2017 Maral FM