Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын жаш футзалчылары Түркияны жеңип алды

Кыска кабар , Спорт | 14 Янв 2022 | 565 | 0

Футзал боюнча Кыргызстандын жаштар курамасы (U19) Түркиянын курамасын 4:1 эсебинде утуп алды. Бул тууралуу Түркия футбол федерациясы менен Кыргыз футбол союзу сайттарына жарыялады.

Беттеш Түркиянын Измит шаарындагы Кожаэли университетинин Газанфер Билге спорт залында өткөн.

Кыргызстандын голдорун 11-мүнөттө Карыпбеков Бекмат, 16-мүнөттө Токоев Арсланбек, 32-мүнөттө Азамат уулу Илгиз жана 37-мүнөттө Ильясов Бектур киргизген. Ал эми Түркиянын голун Фуркан Елиачык тээп берген.

Кыргызстан менен Түркиянын жаш футзалчылары бүгүн, 14-январда да беттешип жатат. Оюн Бишкек убактысы боюнча 16:00дө башталган.

Белгилей кетсек, бул беттештерди Кыргызстан курамасы 9-11-февраль аралыгында Бишкекте боло турган CAFA U-19 Championship эл аралык турнирине, Түркия курамасы 15-20-март аралыгында Аданада боло турган Европа чемпионатынын элиталык туруна даярдык көрүү максатында өткөрүп жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM