Биз менен байланышыңыз

АКШ Жогорку Соту Жо Байдендин жарлыгына бөгөт койду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 396 | 0

АКШ Жогорку Соту президент Жо Байден кол койгон жарлыкка бөгөт койду. Бул тууралуу соттун сайтына жарыяланды.

Айта кетсек, 2021-жылдын ноябрь айында АКШ президентинин администрациясы «жеке компаниялардын кызматкерлери коронавируска каршы эмдөөдөн милдеттүү өтсүн же үзгүлтүксүз тест тапшырып турсун» деген сунуш киргизип, ал боюнча жарлыкка Жо Байден кол койгон.

Жарлыкка ылайык, АКШ Эмгек министрлиги атайын эрежелерди иштеп чыккан. Чынында бул милдет АКШдагы 100 компанияга карата киргизилип, алар 4-январдан кечикпестен эмдөөдөн өтүшү керек болчу.

Жогорку Сот «бул жарлык «коомдук саламаттыкты жөнгө салуу» ченемдерине каршы келет, ошондой эле Эмгек министрлигинин саламаттык боюнча эреже иштеп чыгууга укугу жок» деген өкүм чыгарган. Анткен менен сот жарлыкта айтылган медицина кызматкерлерин милдеттүү түрдө эмдөөдөн өткөрүү талабын күчүндө калтырган.

Айта кетсек, АКШ президентинин бул жарлыгын Флорида штатынын администрациясы мыйзамсыз деп таап, сотко берген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM