Биз менен байланышыңыз

COVID-19: Бишкек «кызыл зонага» киргени менен эмдөө алгандар аз

Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 186 | 0

14-январга карата өлкө боюнча вакцинанын биринчи дозасын 7 миң 517, экинчи дозасын 3 миң 494 адам алды. Жалпы 1 млн 258 миң 477 адам биринчи доза менен, 1 млн 51 миң 159 жаран коронавируска каршы экинчи доза менен эмделди.

Азыркы тапта эмдөө үй-бүлөлүк медицина борборлорунда, 868 эмдөө пунктунда жана кошумча ачылган 123 пунктта жүрүп жатат.

Коронавирус аныкталган аймактардын ичинен Бишкек биринчи орунга чыгып, 12-январда «кызыл зонага» кирген.

Өлкөдө COVID-19га каршы эмдөө өткөн жылдын 29-мартында башталган. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, Astra Zeneca, Moderna вакциналары менен эмделип жатат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM