Биз менен байланышыңыз

Индияда поезд кырсыгынан 9 адам каза болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 257 | 0

Индияда 12 вагондон турган жүргүнчү поезд рельстен чыгып кетип, кеминде тогуз киши каза болуп, 70тен ашууну жаракат алды. Бул тууралуу Индиянын Түндүк-Чыгыш чек ара темир жолунун башкы директору Аншул Гупта билдиргенин News-18 маалымат агенттиги кабарлады.

Поезд кырсыгы бир күн мурун Батыш Бенгалия штатында болгон. Белгисиз себептен поезддин 12 вагону рельстен чыгып, эки вагон оодарылып кеткен.

Маалыматка караганда, учурда куткаруу иштери аяктап, иликтөө иштери жүрүп жатат. Окуя болгон учурда поездде 1053 жүргүнчү болгон.

Буга чейин Индиянын темир жол министри өлкө бийлиги каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө 500 миң рупий, оор жаракат алгандарга 100 миң рупий жана жеңил жаракат алгандарга 25 миң рупий төлөй турганын билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM