Биз менен байланышыңыз

Изилдөө: Акыркы 7 жыл эң ысык жыл болду

Дүйнө , Кыска кабар | 14 Янв 2022 | 275 | 0

АКШда жүргүзүлгөн изилдөөдө соңку 7 жыл 1850-жылдан берки дүйнөдөгү эң ысык жылдар катары катталды. Окумуштуулар 2021-жылдын июль айы болуп көрбөгөндөй ысык ай болгонун белгилешти.

Бул азыркы күнгө чейинки глобалдык температура боюнча изилдөөнү АКШнын Улуттук аэронавтика жана космос агенттиги (NASA), Океан жана атмосферанын улуттук башкармалыгы (NOAA) жана  Berkeley Earth жүргүзгөн. Ага ылайык, акыркы 7 жыл 1850-жылдан берки дүйнөлүк рекорддогу эң ысык жыл болду.

Окумуштуулар абанын температурасы 25 өлкөдө эң жогорку чекке жеткенин баса белгилешти.

Температуранын жогорулашынын 1,8 миллиард адамга таасир эткенин билдирген илимпоздор 2021-жылдын июль айы тарыхта эң ысык ай катары каларын маалымдашты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM